• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Путин КР менен РФнын Эриш-аркак жылы тууралуу: Биздин өлкөлөр алгачкы ирет ири долбоорду ишке ашырып жатат

Саясат 0

Москва, 27.02.20. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын салтанаттуу ачылыш аземинде эки өлкө биргеликте алгачкы ири долбоорду ишке ашырып жаткандыгын билдирди.

«Россия менен Кыргызстандын Эриш-аркак жылы чындыгында эле биздин өлкөлөр үчүн ири иш-чара болуп саналат. Россия менен Кыргызстанды өз нугу менен баардык багытта өнүгүп келе жаткан стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамиле байланыштырып турат. Биз байма-бай президент Жээнбеков менен жолугуп турабыз, бүгүнкү сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде жана конструктивдүү планда өттү», - деди Путин.

Россия Кыргызстанга энергоресурстарды жеткирүүчүлөрдүн негизгиси болуп саналат, - деп билдирди Путин.

«Биздин окуу жайларда Кыргызстандын экономикасы үчүн квалификациялуу кадрларды даярдап чыгаруу уланууда. Россия мындан ары да Кыргызстан менен байланышты бекемдөөнү көздөйт. Бул өз кезегинде Кыргызстан менен Россиянын Эриш-алкак жылын мыкты деңгээлде өткөрүүгө өбөлгө түзөт деген ишеничтебиз. Биздин өлкөлөр алгачкы ирет мындай өңүттөгү ири долбоорду ишке ашырып жатат», - деп баса белгилеп өттү Россиянын президенти.

Пикир

Оставить комментарий