• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Казакбаев Швеция парламентинин депутаттары жана БУУӨП өкүлдөр тобу менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. 2022-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Швеция королдугунун парламентинин депутаттары жана БУУнун Өнүгүү программасынын (БУУӨП) өкүлдөр тобу менен жолукту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, министр Казакбаев акыркы бир жарым жылда өлкөдө болуп өткөн маанилүү саясий өзгөрүүлөр, анын ичинде Кыргызстандын Конституциясынын жаңы редакциясынын кабыл алынганы жана Жогорку Кеңешке шайлоолор өткөнү жөнүндө кабарлап, өлкөнүн жаңы саясий системанын шартында өнүгүүсүн колдоонун актуалдуулугун баса белгиледи.

Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында тынчтыкты орнотуу жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Швеция менен кызматташуу маанилүү приоритеттердин бири катары белгиленди.

Мындан тышкары, министр климаттын өзгөрүүсү, биоартүрдүүлүктү сактоо, тоолорду туруктуу өнүктүрүү чөйрөлөрүндө кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Министр Руслан Казакбаев Кыргызстандын демилгеси менен 2021-жылдын 16-апрелинде БУУнун Башкы Ассамблеясы “Жаратылыш чектөөнү тааныбайт...”, 2021-жылдын 23-ноябрында ЮНЕСКОнун Башкы конференциясы “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жүргүзүүнү жана изилдөөнү кеңейтүү” деген резолюцияларды кабыл алганын, 2021-жылдын 21-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын Жалпы дебаттарында КР президенти “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгы” деп жарыялоону демилгелегенин белгиледи. Руслан Казакбаев швед тарабын аталган демилгелерди иш жүзүндө жүзөгө ашыруу боюнча кызматташууга чакырды.

Руслан Казакбаев парламенттик өкүлдөр тобунун Кыргызстанга иш-сапары мамлекеттик органдар менен мазмундуу жолугушууларды өткөрүүгө жана эки өлкөнүн кызматташуусунун негизги багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк ачарын, ал эми КР Тышкы иштер министрлиги Швеция менен мындан аркы мамилелердин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин баса белгиледи.

Швециянын парламентарийлеринин өкүлдөр тобу алардын өлкөсү БУУӨПтүн маанилүү донору экенин белгиледи. Андыктан Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн приоритеттери жөнүндө маалымдаганы үчүн Министр Р.Казакбаевге ыраазычылык билдирилди.

Швециянын парламентинин депутаты жана ЕККУнун Парламенттик Ассамблеясынын төрайымы Маргарета Седерфэльдт анын өлкөсү климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана аларга ыңгайлашуу, суу колдонуу, иш орундарын түзүү, эмгек миграциясы, гендердик биримдик чөйрөлөрүн Кыргыз Республикасы менен кызматташуунун жана БУУӨПтүн Кырызстандагы долбоорлорун колдоонун приоритеттүү багыттары катары белгилеп өттү.

Маргарета Седерфэльдт, учурдан пайдаланып, 2022-жылдын июнь айында Швеция “Стокгольм+50” деп аталган курчап турган чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушуу өткөрөөрүн айтып, бул иш-чарага КР министрлер кабинетинин катышаарына ишеним билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча диалогду улантууну макулдашышты.

Маалымат үчүн: 2022-жылдын 10-15-апрелинде Кыргызстанда Швециянын парламентарийлеринин иш-сапары өтүүдө. Өкүлдөр тобу 4 депутаттан турат. Иш сапар БУУӨПтүн Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан КР тышкы иштер министрлиги жана БУУӨПтүн Нордикалык кеңсеси менен биргеликте уюштурулууда.

Иш-сапардын максаты Борбордук Азия өлкөлөрүнүн өнүгүүдөгү приоритеттери менен Кыргызстандын мисалында таанышуу жана БУУӨПтүн региондогу долбоорлорун колдоонун приоритеттерин аныктоо. Иш сапардын алкагында швед депутаттарынын Кыргызстандын түштүгүнө баруусу пландалган.

Пикир

Оставить комментарий