• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Оштун Ак-Тилек кичи районунда канализациялык системалар оңдолууда

Аймак 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Ош шаарынын Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгындагы Ак-Тилек кичи районунда канализациялык системаларды реконструкциялоо иштери башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул иштер шаар мэринин тапшырмасынын негизинде биргелешип каржылоо долбоору менен ишке ашырылып жатат. "Ушул жуманын ичинде реконструкцияланып бүткөн соң 30дан ашык үй канализацияга кошулат", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий