Археолог Кубатбек Табалдыевдин «Теңир-Тоонун байыркы эстеликтери» аттуу китебинин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 16.12.22. /Кабар/. Борбордук Азия университетинин (БАУ) Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү Кыргызстандын белгилүү археологу Кубатбек Табалдыевдин «Теңир-Тоонун байыркы эстеликтери» аттуу фундаменталдуу эмгегин басып чыгарды. Китептин бет ачары 15-декабрда БАУнун Бишкектеги кеңсесинде болуп өттү.

Доктор Кубатбек Табалдыев жаңы археологиялык материалдарына таянып, Батыш Теңир-Тоонун Чаткал тоо кыркаларын (Оби-Рахмат үңкүрү) жана Баткен облусундагы Эшме айылына жакын аймакты (Абышыр V үңкүрү) байырлаган таш доорундагы адамдардын тиричилиги боюнча жаңы маалыматтарды сунуштайт. Китепте автор өзү изилдеген эстеликтери аркылуу ар бир тарыхый доордо жашап өткөн элдердин турмуш-тиричилигин, материалдык жана руханий маданиятын жаңы маалыматтар, иллюстрациялык сүрөттөр аркылуу баяндайт.

Автор жаңы археологиялык ачылыштарга таянып, Ички Тянь-Шандагы жана Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы (Чап, Үч-Курбу) аймактарда дыйканчылык коло доорунан тарып өнүккөндүгүн тастыктайт. Алгачкы коло доорундагы көрүстөндөр Теңир-Тоонун калкынын Орто Азиянын түштүк аймагындагы бактрий-маргиан маданиятынын өкүлдөрү менен чарбалык, маданий карым-катышта болгондугу тууралуу кабар берет.

Ал эми Ысык-Көл жана Кочкор жергесиндеги жаңы археологиялык казуулар алгачкы орто кылымдардагы калктардын бир бөлүгү отурукташып жашап калганын айгинелейт.

Жыйынтыгында, автор Кыргызстан аймагындагы байыркы жана орто кылымдардагы калктардын тарыхын бир гана көчмөн элдердин тарыхы катары кароо туура эмес деген оюн билдирет.

Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн директоруЭльмира Көчүмкулованын айтымында, Табалдыевдин эмгеги Борбордук Азия аймагынын тарыхый жана маданий мурастарын тереңирээк түшүнүү үчүн абдан баалуу болуп саналат.

Автор азыркы Кыргызстандын территориясын байырлаган байыркы элдердин жашоо-тиричилигинен кабар берген жаңы археологиялык табылгаларды алып чыгып илимге чоң салым кошуп жатат

Пикир

Оставить комментарий