• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Түркиянын президенттик оркестринин концерттик залында Ноорузга карата салтанаттуу иш-чара өттү

Маданият 0

Бишкек, 23.03.22. /Кабар/. Анкара шаарындагы Түркиянын президенттик симфониялык оркестринин концерттик залында Tүркиянын Маданият жана туризм министрлиги, ТҮРКСОЙ, TRT Avaz жана президенттик симфониялык оркестри тарабынан уюштурулган Ноорузга карата концерттик иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 13 түрк тилдүү жана Балкан өлкөлөрүндөн 250дөн ашуун өнөрпоз эл аспаптар оркестринин коштосунда бий жана ыр тартуулады. Анын ичинде Кыргызстандан ‘Шаттык’, ‘Керемет, ‘Наристе-Кызгалдак’ бий топтору жана ‘Aкак’ комузчулар тобу өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдү суктандырды.

Иш-чарага Анкарадагы элчиликтердин өкүлдөрү, мамлекеттик кызматкерлер, Анкаранын жергиликтүү искусство сүйүүчүлөрү, Анкарада жашаган ар түрдүү улуттун өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий