Армрестлинг боюнча республиканын чемпиондору аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунда армрестлинг боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 27-28-мартта Таш-Көмүр шаарында өтүп, республиканын бардык облустарынан 307 спортчу катышты.

Командалык көрсөткүчтө биринчи орунду Жалал-Абад облусу, кийинки орундарды Ысык-Көл, Чүй облустары ээледи.

Жеңүчүүлөр жана байгелүү орундарын ээлери медаль, дипломдор менен сыйланышты.

Иш-чара Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы менен Армспорт федерациясы тарабынан өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий