• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кеминде 3,5 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.03.21. /Кабар/. Кеминде 3,5 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кемин райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер тилкелерин аныктоо жана муниципалдык менчикке кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн алкагында төмөнкүлөр аныкталды.

Чүй облусунун Кемин райондук сотунун 2014-жылдын 9-декабрындагы чечими менен Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен Кемин районунун Орловка шаардык мэриясынын аймагындагы 3,5 га жайыт жер тилкеси Э.С. аттуу жарандын жеке менчик укугу катары бекитилген.

Кыргыз Республикасынын «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 21-беренесине ылайык жайыт жерлери мамлекеттин менчигинде болот жана «Жайыттар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык пайдаланууга гана берилет.

2019-жылдын 31-июль күнү райондук прокуратура Кемин райондук сотунун жогорудагы чечимине каршы Чүй облустук сотуна апелляциялык сунуш менен кайрылган.

Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 30-сентябрындагы аныктамасы менен райондук прокуратуранын апелляциялык сунушу канааттандырылып, Кемин райондук сотунун 2014-жылдын 9-декабрындагы чечими жокко чыгарылган.

КР Жогорку сотунун 2020-жылдын 11-февралындагы токтому менен жерге ээлик кылган жарандын өкүлүнүн Чүй облустук сотунун 2019-жылдын 30-сентябрындагы чечимин жокко чыгаруу жөнүндөгү кассациялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.

2021-жылдын 18-мартында Кемин райондук прокуратурасы тарабынан Орловка шаарынын мэрине мыйзам бузууларды четтетүү жана көрсөтүлгөн жер тилкени баланска кабыл алуу жөнүндө талап берилген.

2021-жылдын 23-мартында Кемин районунун Орловка шаарынын мэриясы прокуратуранын талабын аткарып, жогорудагы көрсөтүлгөн жер тилкени баланска кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий