• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын 30 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бишкек шаарында 25-апрелде Дзюнсукэ Киноситанын «Каркыранын канаты» аттуу байыркы япон легендасынын негизинде коюлган спектакль көрсөтүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрынын 30 жылдыгына жана анын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Арсен Өмүралиев 90 жылдыгына арналат.

Бишкек шаардык драма театры алгачкы театралдык сезонун 1993-жылы режиссер Владислав Пази коюп, Дзюнсукэ Киноситанын “Каркыранын канаты” спектакли менен ачкан.

Бишкек шаардык театрында Арсен Өмүралиевдин көркөм жетекчилиги астында «Керээз», «Андерсенди ойноо», «Асман басмасы», «Жайкы түндөгү түш», «Үч маал үч каалоо же бир нерсени каfлоо», «Өтө жөнөкөй тарых”, “Эсимде “Сфорцандо”, “Принцесса Турандот”, “Ажыдаар”, “Токой” жана башка көптөгөн спектаклдер жаралган.

Ошондой эле мааракенин урматына борбор калаанын билим берүү мекемелеринде “Каркыранын канаты” спектакли көрсөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий