• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Арслан Малдыбаев: Келечекте Snow Leopard Run Кыргызстандын визиттик картасы болуп калышы мүмкүн

Спорт 0

29-сентябрь, жекшемби күнү Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Snow Leopard Run 2024 жарышы старт алат. Nomad Sport компаниясынын директору Арслан Малдыбаев Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде уникалдуу спорттук иш-чарага канча адам катышары, бул жылы жарым марафондун кайрымдуулук иши, ак илбирсти сактоонун маанилүүлүгү жана акыркы беш жыл ичинде спорттук иш-чарада болгон өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

— Акыркы жылдары Snow Leopard Run иш-чарасында кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду?

Чуркоого жана спорттук иш-чараларга кызыгуу бир топ өстү. 2019-жылы биз 800гө жакын адамды чогултсак, азыр 5 миң катышуучу чегине жакындап калдык. Чуркоо жакшы адат гана эмес, маданияттын бир бөлүгү болуп калат. Катышуучулардын географиясы да кеңейүүдө. Быйыл Кыргызстанга 15тен ашык өлкөдөн чуркоонун сүйүүчүлөрү жана профессионал жөө күлүктөр келет. Алардын көбү жарышка катышуу, өлкөбүздү көрүү жана пикирлештер менен баарлашуу үчүн саякаттарын атайын пландаштырышат.

— Катышуучуларга кандай дистанциялар сунушталат?

Биз Snow Leopard Run баарына жеткиликтүү кылганга аракет кылабыз. Үч негизги дистанция бар: 5 километр – жаңы чуркап баштаган жөө күлүктөр үчүн. 14 километр – бир аз тажрыйбасы бар чуркоонун сүйүүчүлөрү үчүн. Анан 21.1 километр – эң чыдамкай сүйүүчүлөр жана профессионал спортчулар үчүн жарым марафон. Ошондой эле балдар арасында 1 чакырым, 500, 300, 100 метр аралыкка чуркоо өткөрөбүз. Бул аралыктар эң оңой болгону менен, ошол эле учурда эң маанилүүлөрдүн бири деп эсептейм. Спортко, сергек жашоого сүйүүнү бала кезден үйрөтүү керек. Мындан тышкары, жөө күлүктөр үчүн бул иш-чарага бүт үй-бүлө менен катышууга сонун мүмкүнчүлүк бар. Ар бир аралыкта санга чектөө коюлган – жалпысынан жарышка 4,5 миңдей адам катышат.

— Курактык чектөөлөр барбы?

- Мындай чектөөлөр дээрлик жок. Мисалы, балдар жарышына 3 жаштан 13 жашка чейинки балдар катыша алат. Өспүрүмдөр ата-энелеринин уруксаты менен жана алардын даярдыгына жараша 5 чакырым аралыкка катышууга уруксат берилет. 14 жана 21 километр аралыктарга 18 жаштан жогорку катышуучуларга уруксат берилет. Бизде жаштын жогорку чеги жок экенин белгилегим келет. Буга чейинки жарыштарга 70, ал тургай 80 жаштагы жөө күлүктөр да катышкан. Алар өздөрүн абдан жакшы көрсөтүштү! Бирок бир эскертүү, биз азыр активдүү жашоо образын алып жүргөн жана формада калууга аракет кылган адамдар жөнүндө айтып жатабыз. Ар кимдин ден соолугу ар кандай.

— Эмне үчүн Snow Leopard Run чуркоонун символу катары ак илбирс тандалган?

- Биринчиден, бул уникалдуу жана абдан кооз жаныбар. Экинчиден, илбирс Бишкектин символу болуп саналат жана жарыштын ордун эң сонун баса белгилеген. Биздин команда жарым марафонду жаңыдан пландаштырып жаткан кезде, биз бул спортту жайылтуучу аянтча болуп калбастан, экологиялык миссиянын өзгөчө болушун кааладык. Ак илбирстин жоголуп кетүү коркунучу алдында турганы эч кимге жашыруун эмес, жыл сайын аны коргоо үчүн дагы көп иштерди жасоо зарыл. Snow Leopard Run бул мышыктын кооз түрүн сактоого жөө күлүктөрдүн кошкон салымы болуп саналат.

— Жылдар аралыгында экологиялык долбоорлорго кандай жардамдар көрсөтүлдү?

Иш-чаранын биринчи жылында биз Ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча глобалдык программага фотокапкан сатып алууга каражат чогултканбыз. Адистерге 36 аппарат тапшырып, алардын жардамы менен илбирстин популяциясын изилдеп гана тим болбостон, браконьерлик менен да ийгиликтүү күрөшө алышат. 2021-жылы биз чогулган каражатты Ысык-Көлдүн биосфералык зонасынын токойчуларына илбирстер жашаган тоолуу аймактарды кайтаруу үчүн NIVA үлгүсүндөгү унаа сатып алууга жумшадык. 2022-жылы катышуучулардын салымынын аркасында Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо заманбап воркаут-аянтчасы пайда болгон. Өткөн жылы биз добуш берип, жарым марафондун катышуучулары каражатты Гареев атындагы Ботаникалык багын колдоого жумшоону чечтик. Анын кызматкерлерине 40тан ашык атайын техникалар тапшырылды. Мындай көлөмдөгү жардам Ботаникалык багына биринчи жолу көрсөтүлүп жатат. Мунун баары биздин катышуучулар – чуркоонун сүйүүчүлөрү жана профессионал жеңил атлеттердин жардамы менен ишке ашырылып жатат. Бул алардын жалпы салымы.

— Мындай масштабдуу спорттук иш-чараны уюштуруу оңой болбосо керек?

Бул ар дайым чоң иш, биз иш-чарага чейин эле алдын ала даярдана баштайбыз. Биздин өнөктөштөр жана волонтерлор көп жардам беришет. Алдыдагы старттарга жолдорду даярдоо, жолду жабуу маселеси боюнча Бишкек мэриясы жана ЖККББ менен биргеликте иш алып баруу, жөө күлүктөрдүн коопсуздугу жана аларды медициналык жактан камсыздоо маселесин эске алуу зарыл.

Ошондой эле техникалык өзгөчөлүктөрү бар. Биз ар бир катышуучуга жеке номерди камтыган баштапкы пакетти беребиз. Биз MyLabs голландиялык хронометражын колдонобуз, ал негизги марафондордо жана атүгүл Формула-1 мелдештеринде колдонулат. Бул система старттык номерлерге кыстарылган чип аркылуу ар бир жөө күлүктүн убактысын так жазууга мүмкүндүк берет. Финишке келген бардык катышуучулар медаль алышат.

- Snow Leopard Run иш-чарасын келечекте кандай көрөсүз?

- Биздин коллектив жарышты өнүктүрүүнү жана жайылтууну максат кылып жатат. Келечекте биз катышуучулардын санын көбөйтүп, сергек жашоо образын жайылтууга жана экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар адамдарды дагы көп тартууну каалайбыз. Snow Leopard Run Кыргызстандын визиттик картасына айланат деп ишенебиз.

Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги марафондун эл аралык маалыматтык өнөктөшү.

Пикир

Оставить комментарий