• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

“Мурас” турниринин жарым финалына өткөн командалар аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Бүгүн, 15-декабрда Бишкекте футбол боюнча “Мурас” достук турниринин чейрек финалдык оюндары өттү.

"Газпром балдарга" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтүп жаткан турнирге жалпы 16 команда катышып, жарым финалына төрт команда өттү:
— "Президенттин командасы";
— "Спорттук федерациялар";
— "Коопсуздук";
— "Достук".

Эскерте кетсек, Бишкекте 14-15-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтка айланган "Мурас” достук турнири өтүүдө. Аталган оюн жылына эки жолу: кышында жана жазында өткөрүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий