• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргыз спортчуларынын Монголия жана Бразилияга баруусуна 19 млн сом бөлүнгөн — Каржы министрлиги

Спорт 0

Бишкек, 14.04.22. /Кабар/. Монголияда өтө турган Азия чемпионатына жана Бразилиядагы Сурдолимпиадалык оюндарга спортчулардын катышуусу үчүн 19 млн сом суммасында каражат бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт башкармалыгына 2022-жылдын апрель айына 99,6 миллион сом каралган. 2022-жылдын 14-апрелине карата 19 миллион сом каржыланган. Дене тарбия жана спорт департаментинин иш-чараларын кошкондо, мамлекеттик органдардын чыгымдарын каржылоонун белгиленген тартиби бар экендигин белгилейбиз. Ага ылайык, негизги жана кошумча каржылоо жүргүзүлөт”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Азия чемионатына каражаттын айынан кете албай жатканын айтып, Каржы министрлиги каражат которбой жатканына токтолгон.

Пикир

Оставить комментарий