• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

“Акча которбой жатат”. Депутат Тыныбекова менен Махмудов Азия чемпионатына кете албай жатканын айтып тынчсызданды

Спорт 0

Бишкек, 14.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Азия чемионатына каражаттын айынан кете албай жатышканын Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Анын айтымында, кыргыз спортчуларынын эл аралык аренадагы ийгиликтери Кыргызстандын имиджи.

“Балбандарыбыз дүйнөдө бешинчи орунга чыкты. Мээнети жана таланты менен кыргыз туусун көтөрүп жатат. Бирок Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов Монголияда өтө турган Азия чемпионатына уча албай жатат. Бүгүн саат 11де каражат бөлүү чечилиши керек экен. Каржы министрлиги акча которбой жатат. Бул министрликте спортту түшүнбөгөн кызматкерлердин отурганынан кабар берет. Алар “Фонд ачып, элден акча чогултпайсыңарбы” деген экен. Бул эмне деген мамиле. Азыр протоколдук тапшырма берип койсоңуз. Каражат тез арада бөлүнүшү керек”, - дейт депутат.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова менен Акжол Махмудов 2021-жылы өткөн Токио Олимпиадасында күмүш медалдын ээси болгон.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы 19-24-апрелде Монголияда өтө турган Азия чемпионатына катышат.

Пикир

Оставить комментарий