• 85.5
  • 93.43
  • 0.89

Арстанбап-Ата айылындагы 100 орундуу бала бакча ачылды

Аймак 0

Бишкек, 14.10.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстанда 45 жаңы объект ачылып, пайдаланууга берилди. Жаңы объектилердин ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров онлайн катышты.

Анын алкагында президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айылындагы №50 мектепке чейинки билим берүү уюмунун ачылышына катышты. 100 орундуу бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, 47 млн 261 миң сом акча каражаты жумшалган.

Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, имарат толук заманбап шарттар менен камсыздалган. Облус башчысы айыл жашоочуларын куттуктап, аталган жайда балдар тарбия көрүп, билим алып, келечекте коомдун үлгүлүү мүчөлөрү болуп өсүп чыгаарына ишеним артты.

Бүгүн онлайн ачылыштын алкагында Ноокен районунун Жазгак айылындагы № 34 Жазгак жалпы билим берүүчү мектебинин спорт залы да пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий