• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Нарындагы оорукана жана обсервацияда жаткандарга берилип жаткан тамак-аш тууралуу маалымат

Аймак 0

Бишкек, 30.05.20. /Кабар/. Социалдык тармактарда Нарын облусундагы ооруканаларда жана обсервацияга убактылуу жайгаштырылган жарандарга берилип жаткан тамак-аштын сапатынын төмөндүгү боюнча ар кандай пикирлер жазылып жатат. Ага байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Нарын облусундагы башкармалыгынын башчысы Сыйнагүл Шамеева расмий жооп берип, берилип жаткан тамак-аш тууралуу маалымат берди.

Шамееванын айтымында, Нарын облусундагы ооруканалардын тамак-ашы үчүн үстүбүздөгү жылдын 5 айында 5 430 200 сом жумшалган. Ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасында дарылангандардын тамак-ашы үчүн 2 376 500 сом каражат бөлүнгөн.

Башкача айтканда, облустагы ооруканаларда бир кишинин тамак-ашы үчүн (койка) күнүнө 68 сом 3 тыйын, ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасында болсо бир бейтап үчүн 68 сом 64 тыйын каралган.

"Бир кишинин ооруканадан ичүүчү күнүмдүк тамак-ашы 41 сомдон ылдый болбошу керек. Оорукананын бюджетинин мүмкүнчүлүгүнө жараша, тамак-ашка 100 сомго чейин жана андан жогору көтөргөнгө жетекчилике укук берилген", - дейт Шамеева.

Ал эми дары-дармек үчүн облус боюнча 33 629 300 сом, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 16 241 000 сом бөлүнгөн. 272 млн 899 ,4 миң сом - облустун бирдиктүү төлөм системасындагы саламаттыкты сактоо уюмдарынын бардык муктаждыктарына каржыланган.

Коронавирус илдети менен күрөшүүдө оорунун очогунда иштеген дарыгерлерге, эмчи айымдарга, кенже медицина кызматкерлерине эпидемиологиялык фонддун эсебинен март айы үчүн 495 кызматкерге 2 миллион 620 миң сом, апрель айы үчүн - 10 миллион 344 миң сом кошумча төлөм төлөнүп берилген.

Ошондой эле дарыгерлерди өздүк коргонуучу каражаттар, кийим-кечелер, антисептиктер менен камсыздоо үчүн мамлекет тарабынан облустагы ооруканаларга жалпы 15 миллион 664,3 миң сом, ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 6 миллион 135,6 миң сом жумшалган.

Мындан сырткары, гуманитардык жардам катары демөөрчүлөр тарабынан 14 миллион 664 миң сомдук жеке коргонуучу каражаттар, атайын костюмдар берилген.

Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган обсервацияларда күнүнө бир кишиге 120-180 сомдун тамак-аш берилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий