• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгы: Дастанчылардын республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Маданият 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Бишкекте бүгүн Арстанбек Буйлаш уулунун 200 жылдыгына карата дастанчылардын республикалык кароо-сынагы болуп өттү.

Кыргыз улуттук “Манас” театрынан билдиришкендей, сынактын катышуучулары 1-2-турлардан өтүп, жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды.

Сыйлыкка ээ болгон дастанчылар:
Баш байге - Улукбек Токтоболот уулу 200 миң сом;
1-орун - Нурсултан Кадыралиев 160 миң сом;
2-орун - Калиева Бермет 125 миң сом;
3-орун - Жаңынур Эсеналиева 90 миң сом;
Алмазбек кызы Айпери 90 миң сом;

Кызыктыруучу сыйлыктар:
Канат уулу Жанат 45 миң сом;
Жээнбеков Иманбек 45 миң сом;
Турганов Камчыбек 45 миң сом;
Турганов Калыбек 15 миң сом;
Калыгулова Гулина 15 миң сом;
Кемелова Перизат 15 миң сом;
Садыбакас уулу Адилет 15 миң сом;
Турдубек уулу Талант 15 миң сом;

Турганов Калыбек “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен жана Нуржан Түмөнбаева президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн ардак грамотасы менен сыйланды.

Пикир

Оставить комментарий