• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Артык Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы Индиядагы кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 27.10.20. /Кабар/. Режиссер Артык Сүйүндүков тарткан "Шамбала" тасмасы Калькутта эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирет.

"Кыргызфильм" Улуттук киностудиясынын маалыматына ылайык, "Шамбала" толук метраждуу тасмасы эл аралык сынактын алкагында көрсөтүлөт.

Кинофестиваль 5-ноябрдан 12-ноябрга чейин созулуп, Индиядагы эң байыркы кинофестивалдардын бири деп эсептелет.

Фильм Ч.Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде тартылган. Тасма - "Кыргызфильм" атындагы Улуттук киностудиясы тарабынан өндүрүлдү.

Тасманын синопсиси:

Кыргызда "шам" - "жарык" дегенди билдирет. "Шамбаланын" түзмө-түз мааниси "шам" - " бала" же "жарык чачкан бала" деген маанини туюндурат.

Ал баланын эки жомогу бар эле. Бирөөсүн эч ким билбейт, ал эми экинчиси чоң атасы айтып берген жомок . Кийин экөө тең жок болду.⠀

Шамбала адам баласын душмандардан сактап, аны өзүнүн сүтү менен багып чоңойткон Бугу жөнүндө илгерки жомокко - мифке ишенип жашайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адамдар марал тукумун кырып салышканына карабастан, бугу алар жакка кайра кайтып келет деп ишенет. ⠀

Пикир

Оставить комментарий