• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кувейттеги этно шаарчада кыргыз маданиятына арналган чоң концерт өтөт

Маданият 0

Эль-Кувейт, 20.02.19. /Кабар/. Кувейттин этно шаарчасында кыргыз маданиятына арналган чоң концерт өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кабарлады.

Анын айтуусунда, Кувейтте бир жума бою кыргыз делегациясынын катышуусу менен маданият, бизнес жана туризм тармагында бир катар иш-чара өтөт.

“Бул жумалыктын алкагында улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ишмердүүлүгүнө арналган конференцияны өткөрүү пландалууда. Андан тышкары Кыргызстандын туристтик потенциалын да тартуулайбыз. Кыскасы, ушул 4-5 күндө биз кувейттиктерге кыргыз экономикасы, маданияты жана туристтик потенциалы тууралуу маалымат беришибиз керек”, - дейт министр.

Андан тышкары Жаманкулов, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна байланыштуу Кыргызстанга Персид булуңунан келген туристтердин санынын өскөндүгүн, анын ичинен көбү Кувейт мамлекетинен келгендигин баса белгиледи.

“Кувейтке ушундай чоң делегация келгендиги ошол көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы”, - дейт ал.

Азамат Жаманкулов өзүнүн Кувейтке болгон сапарынын алкагында, бул өлкөнүн маалымат министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, кыргыз туризминин потенциалын баардык телеканалдардан чагылдыруу жана маалыматтык жактан колдоо көрсөтүү тууралуу келишимге кол коюу күтүлүүдө. Андан тышкары туризм тууралуу келишим даярдалууда.

Пикир

Оставить комментарий