• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Арзыбек Кожошев IRF 2024 Дүйнөлүк конгрессине катышты

ЕАЭБ 0

Бишкек, 17.10.24. /Кабар/. Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри Арзыбек Кожошев Түркиянын Стамбул шаарында Эл аралык жол федерациясы (IRF) тарабынан уюштурулган Дүйнөлүк конгрессте 2024-жылы транспорттук системаларды туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Евразия экономикалык комиссиянын сайтында маалымдалгандай, иш-чаранын негизги темасы мобилдүүлүктү кеңейтүү болду.

ЕЭК министри Бүткүл дүйнөлүк конгресстин катышуучуларына евразиялык мейкиндикте транспорт тармагындагы негизги интеграциялык жетишкендиктер жөнүндө маалымат берди. Ал ошондой эле транспорт ишмердигине санариптик чечимдерди киргизүүнүн, тажрыйба алмашуунун жана жол тармагын өнүктүрүүгө дем берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

"Фундаменталдуу өзгөрүүлөрдүн контекстинде жаңы соода рынокторун түзүү жана транспорттук коридорлорду трансформациялоо, үзгүлтүксүз ташуу жана Чоң Евразия үчүн туруктуу транспорттук-логистикалык базаны түзүү өзгөчө мааниге ээ", - деп белгиледи Арзыбек Кожошев.

Транспортту туруктуу өнүктүрүү маселелерин талкуулоо ЕЭК министри менен Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглунун эки тараптуу жолугушуусунун алкагында улантылды.

Арзыбек Кожошев “Өнөктөш мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары менен өз ара аракеттенүү бизге жогорку деңгээлдеги компетенцияларды сактоого, тажрыйба алмашууга, транспорттук трассадагы тоскоолдуктарды жана тосмолорду кыскартууга жана азайтуу боюнча натыйжалуу иш алып барууга мүмкүндүк берет” деп эсептейт.

Тараптар тармактык диалогдун маанилүүлүгүн белгилешип, өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Эл аралык жол федерациясы (IRF) 1948-жылы түзүлгөн. Мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн автомобиль жолдорунун тармагын куруу жана өнүктүрүү боюнча улуттук программаларды иштеп чыгуу, жол системаларын өнүктүрүүгө байланышкан статистикалык, техникалык, экономикалык, окуу жана башка материалдарды чогултуу жана жайылтуу боюнча аракеттерин колдоо. Федерация 4 жылда бир дүйнөлүк конгресстерди жана 2 жылда бир жолу Европа, Африка, Жакынкы Чыгыш, Түндүк жана Түштүк Америка, Азия жана Тынч океан өлкөлөрү үчүн эл аралык аймактык конференцияларды өткөрүп турат.

Пикир

Оставить комментарий