• 87
  • 89.63
  • 0.85

Арзыбек Кожошев ТИМ коллегиясынын ишине катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КР Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Жыйындын жүрүшүндө КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев тышкы саясат ведомствосунун өткөн жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана үстүбүздөгү жылга коюлган пландар тууралуу маалымат берди.

Арзыбек Кожошев Тышкы иштер министрлигинин ишине оң баа берип, пандемия болгондугуна карабастан, ведомство тарабынан көлөмдүү иштер аткарылгандыгын белгиледи.

«Келерки жылы ТИМ ишиндеги артыкчылыктуу багыт катары экономикалык дипломатия жана эл аралык уюмдар менен тыгыз байланыш түзүү болушу керек. Өнөктөш өлкөлөрдүн максаттуу параметрлерин эске алуу менен инвестиция тартууга бардык күч-аракеттер жумшалышы тийиш. Министрлер кабинети алдыга амбициялуу милдеттерди коюп жатат, биз аларды аткарууга тийишпиз, ал эми мында Тышкы иштер министрлигинин ролу чоң. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялагандай, Кыргыз Республикасы «сурануучу» жана жарды өлкө синдромунан баш тартат, эгемендүүлүктүн тарыхында алгач ирет заманбап аскердик техникаларды сатып алдык, армиябызды форма менен камсыз кылдык, коронавирус инфекциясына каршы вакцина сатып алдык. Келечекте бул багыттагы иштер күтөндүрүлүп, кеңейтилет», - деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Ал белгилегендей, Кыргыз Республикасы демократиялык жана экономикалык жактан туруктуу мамлекет катары эл аралык аренада өзгөчө орунду ээлеши керек.

Ошондой эле 2021-жылдын декабрь айында Кыргызстандын сунушу менен Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо боюнча резолюция кабыл алганы айтылды. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров 2022-жылды «Тоо экосистемаларын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыялоо тууралуу Жарлыкка кол койгон.

Соңунда Арзыбек Кожошев Тышкы иштер министрлигинин өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин атынан алкыш каттарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий