• 87
  • 90.41
  • 0.84

Асан Жакшылыковдун 70 жылдыгына карата: Кыргыз поэзиясынан дүйнөлүк поэзияга жол

Коом 0

Россияда «Поэт больше, чем поэт» деген Шаа сөз бекеринен келип чыкпаган. Мындай Акынды мезгил да, эл да, тагдыр да бекеринен шарттабайт. Асан Жакшылыковдун азыркы жалпы чыгармачылыгы улуттук мааниге ээ болуп, чыгармаларынын формасы менен мазмунунун, тигинтип изилдөөчүлөрдү «суудай агылган жаңычылдыгы» менен кызыкдар кылса да, бирок автор кайсы формага негизинен таянаары белгисиздей, акын тээ жаш кезинен эле чыгармачылыктын эркиндигине, поэтикалык форманын универсалдуулугуна аң-сезимдүү умтулган экен. Антсе да, ал кээ бир акындар биринчи планга койгон чеберчиликтен качып, уйкаштардын артынан кубалап жүрүп олтурбайт. Анын дүйнөлүк масштабдагы ой жүгүртүүгө көтөрүлгөндүгүнүн негизи дагы ушунда - акын качан да болсо поэтикалык духтун эркиндигине умтулат. Ошонусу менен, табигый ага билген эркиндиги менен кызык. Айрыкча «Аскадагы нур» балладасында акын кашкайа тунган булакка айланат, андан тоолордогу алыска сапар тарткан апакай булуттарды көрөсүң. Менимче мындай төгүлүү кыргыз поэзиясында бүгүнкү күнгө чейин болгон эмес. Дагы бир айта кетчү нерсе, акын ойду, тоону айтып, көбүртүп-жабыртпай өзүнүн ички толгонууларына гана кайрылат. Ал ички толгонуулар кээде кабат-кабат үйөрлөнгөн селге айланса, айрыкча жаш кезиндеги акындык табият турпатынын шаттыгы кээде күндүн күлкүсүндөй ырдын формасынан да чыга түшүп жаркыганы байкалат. Ырларды окуп жатып, анын артында акын тургандыгын унутуп каласың, табият менен бириккен, жуурулушкан бир жүрөк сызылып ырдап жаткандай сезилет. Аталган баллададагы автордун өмүр-өлүм жөнүндөгү ой жүгүртүүлөрү окурманды кошо толгонтуп асканы карай алып жөнөйт. Өмүрдүн кийимин чечип бергиси келген акынды аёо менен карап, суунун аркы өйүзүндө туруп албай, саптарга аралашып сиңип кеткениңди өзүң дагы байкабай каласың. Бул нукура акындын кудуретинин белгиси эмей эмине?

Акындын айрыкча кийинки кезде жазган балладалары, поэмалары, ырлары бүгүнкү күндөгү кыргыз поэзиясынын бийиктигин аныктайт. Кеп алардын тематикалык өзгөчөлүктөрүндө деле эмес, О.Мандельштам айткандай акын кандай ырларды жазса дагы ошого өзүнүн бир чымчым этин кошо жулуп бергендигинде жана жалпы адамзаттын көйгөй глобалдуу проблемаларын козгоп, ошону дүйнөлүк поэзиянын деңгээлинде өз табиятынан жанбай айтып бере алгандыгында. Ушундан улам чыгармалардын ички кубатына баш ийип, нукура поэзиянын улуу мүмкүнчүлүгүнө дагы бир жолу таазим кыласың, акындык бактыга жана эргиген түйшүккө ичтен ыраазы болосуң.

Жаңы китептер бизде басмалардан көп эле чыгып жаткандыгына карабастан, жаңы чыгармалардын жокко эселигине, төмөнкү деңгээлине күйүп, ыр топтомдорун окуудан көңүл кайт болуп турган учурда Асан Жакшылыковдун дүйнөлүк поэзиянын деңгээлиндеги ой жүгүртүүлөрү, нукура тунук ырлары мени кубандырды. Мен автордун беш томдугун кыргыз окурманы окуп чыгуусун каалар элем. Бул чыгармалар оболу окурмандардын жан дүйнөсүн байыта турганы менен, биздин улуттук дүйнөтаанымдын чабыты кенен экендигин далилдегени менен кызык. Көркөм тил менен жетик куралданган акын поэзиянын негизи элдин ар-намысы, улуттун руху экендигин кашкайта ачат.

Акындын «Макмал төр» аттуу поэмасы философиялык көркөм ой жүгүртүүсү менен айырмаланат. Анда салбуурунга чыккан эл үч тарабы жар карагандын арасына жайгашкан, шаркырап жол бербей аккан суунун ары жагындагы бир калтарга тайгандарын салышат. Көпчүлүгү сууга агып кетип жолу болбойт. Асманга шаңшып чыккан бүркүттөр шукшурулуп келип мерт болушат. Бири дагы калтарды ала албайт. Намыстанган эл Олжобайдын Аккөз аттуу бүркүтүнө чогула бата берип коё берет. Бирок шумкар көк мейкинге сиңип кеткен боюнча көрүнбөй калат. Калтар гана бийиктиктен көзүн албайт. Эл аң-таң. Эмнегедир элдеги сабырдуулук, бийик акыл-эс асмандагы Аккөз бүркүттөй туюлса, азгырыгы мол жердеги кара турмуш кара калтардай буластайт...

Тээ качан улуу шашке болгон кезде, бүлбүлдөп Аккөз түштү кайра көзгө, ошентип Аккөз кечке чейин анда-санда көрүнүп жерге жакындабайт. Күүгүмгө жакын, асманды айланып карабатып акыры көзү агып түшкөн калтарды илип келип элдин алдына таштайт. Кара турмуштун калтарын, атырылып «чабуул» койгон бүркүттөр эмес, сабыр кармаган Аккөз жеңет... Бул философиялык ой атайын байкалбагансып чыгарманын тээ терең тулкусунда жатат - мындай поэтикалык көрүнүштөр символдук мааниге ээ болуп, акындын ой жүгүртүүсүнүн экинчи асманынан шек берет, анан ар бир поэтикалык сапты дардаңдап жүгүрбөй өтө кылдат окуй баштайсың. Акын окурмандарын ушинтип ойчулдукка тарбиялайт да, поэзиянын касиетин сыйлаганга, өз түркөйлүгүн өзү жойгонго көндүрөт.

Акын Асан Жакшылыков өзү дагы «Улуу шашкеде» бир көрүнүп, мейкинге кирип кеткендей болгон поэзиянын калтарын илүү ар бир ыр шилтемиш болуп, же ыр жазымыш болуп жүргөн жазмакерлердин колунан келе бербейт. Бул жагынан автор ошол калтарды алган «Аккөз» бүркүттүн өзү өңдөнөт. Акындын чыгармаларын окуп чыккан окурман буга ынанбай койбойт. Чыгармалардын тематикалык диапазону кенен. Тээ Адам ата, Обо энеден башталган поэтикалык таржымал, Нух пайгамдардын тушундагы топон суудан, байыркы кыргыздардын турмушун чагылдырган «Макмал төрдөн», «Көкөй кестиден», Камбар алгач черткен «Комуздан» куралып, акындын чыгармаларындагы доор-доор болгон учсуз убакытта кайгы менен кубанычка жуурулган турмуш агылып жүрүп олтуруп, Үркүнгө, андан Ата Мекендик согуштун учурундагы мезгилдин образын чагылткан «Мээрим» романына, «Каниет» поэмасына чейин жетип, анан бүгүнкү күнгө жалгашып, айталы «Соку таш, дүрбү, үч жол жөнүндөгү насыятка» токтоп, мезгилдин күрөө тамырын кармаган азыркы «Ата намыска» ийигет. Бул не деген мезгилдеги руханий тарых? Бул катмарларга изилдөөчүлөр көңүл бурат деп ойлойбуз. Ушундай узак мезгилдеги турмуштун мейкиндигин көркөм изилдеп жатып эң башкысы ал окурманга калп айтпайт, аны алдабайт. Дилинде терметип жүргөн ойлорду гана айтат. Көркөмдүктүн бийиктигине жеткен мөлтүр тунук сезимдерди тартуулайт. Лироэпикалык маанай кыргыз элинин салт-санаасын, саяпкерлик, бүркүтчүлүк аркылуу табиятка үндөш жашаган зиректигин ачып, календерлик, дербиштикти, комузчулукту изилдеп, манасчынын дараметин туюндурат, бир жагынан мезгил арааны, рухтун уюткусу, турмуштун мейкиндиги акындын чыгармаларында кадим мухиттей өтүшүп чалкып жатат!

Ал «Тиктегиле, көк асманда ай барат» аттуу поэмасында минтип айтыптыр:

Өзүмчүлдүк майдалыктан бошонгон,

сулуулукка кезиктирип жанымды.

Көкө теңир кут кыла көр, колдой көр,

туйуп турам улуу тагдыр кабылды.

Ушинтип акындык жол, жер турмушунун согушун, азабын, жыргалын изилдеп отуруп Жаратканга келет да, «улуу тагдырга» кабылат. Албетте мындай тагдыр калем кармап бир нерсе шилтеп жүргөндөрдүн баарына эле кабыла бербестигин жакшы түшүнөмүн. Миңдин бири кабылат - бул зор Сүйүүнүн жолу. Акын ар сап үчүн өзүн курмандыкка чалып, сезим чындыгын көздөп тынымсыз изденүүнүн үстүндө эмгектенип, дүйнөлүк адабияттын үлгүлөрүн казып чыгып жан дүйнөсүндөгү мейкиндик ааламын сырт дүйнө менен бириктирген. Акындык чабыт асман менен жердин алкагында эргип канат жайып, ааламдык түбөлүктүүлүккө - дили ийип, күнүмдүктүн маңызын - сулуулукту бузбай жашоо керектигинен көрөт. «Мээрим» романынын лейтмотиви, «Соку таштагы үч жол» - ушундай купуя сырлуу. Окурмандын алдында баладай таза, ыймандын алдында сулуулуктай баё ушул ыр дүйнөдөгү тагдырды кыргыз поэзиясына кут кылсын!

Акыйкатта аалам менен биригүү,

айтып бүткүс бир өзүнчө той экен.

Тирүүлүктөн башка жакка кайрылып,

кетип калаар бөлөк жолу жок экен,

жымжырттыктын ар бир сөзүн кармасам,

маани деген, шаани деген мол экен.

Бул автордун «Өмүр поэмасы» аттуу балладасынан үзүндү. А.Жакшылыковдун поэма, балладаларын, колдон келсе бүтүн бойдон окуганга жетпейт. Ошондо гана маанисин туюп толук рахат аласың. Ошол бүтүндүктү бузуп жатканым үчүн мен окурмандан кечирим сурайм. Аалам менен биригүү айтып бүткүс той экенин ошол бийиктикке жеткен жетик кудуреттүү инсан гана түшүнөт деп ойлоймун. Бул поэтикалык медитациянын туундусу. Менимче автордун ойчул ырлары жана поэмалары орус тилине өз деңгээлинде которулса - дүйнөлүк окурмандардын көңүлүн өзүнө бура турган дараметке ээ. «Кыргыз койчу жана үркүн жөнүндө» бир топ салмактуу балладасы бар. Аны баллада эмес, поэма десек да жарашат. Эмоцияга, мөлтүр сезимдерге, аруу ойлорго, көркөмдүктүн бийиктигине жеткен, сызылып аккан бул чыгарманы бир дем менен окуп чыктым.

Бул баллада акындын жан дүйнөсүн ачкан дарбаза сыяктанат. Анткени акын бүткүл өз мейкиндиги менен көрүнөт.

Кудуретиңден айланайын Кудайым,

көрүп келем мен өмүрдүн убайын.

Кыйналса да актыкка нээт бурбаган,

айап келем адамдардын убалын.

Усуп байкем өз башынан өткөрүп,

өзгөнү да, өлүмдү да көп көрүп -

жалгыздыкка жандаш өскөн турбайбы,

жан дүйнөсү бара-бара өзгөрүп.

Жалгыз жүрүп табиятка достошкон,

сар-санааны сабыр менен токтоткон,

койчу болуп аралашпай эл менен,

коркунучка бирок моюн бербеген, '

көрсө байкем жетик адам турбайбы,

баккан малын дары төргө оттоткон;

өзүнчө бир сырдуу жашап турмушту

өмүр менен салабаттуу коштошкон.

Жөнөкөй эле сөздөр, бирок сырлуу сөздөр. Тоо менен тоо болгон кыргыз адамынын табият турпаты жөнүндөгү гимн сыяктуу. Жалт-жулт эткен өзгөчө салыштыруулар деле жок. Дүңгүрөгөн кулак тундурган метафоралардан алыс, бирок саптар сезимиңе жебедей тийет. Кыргыздык жаның ооруп, уясынан жерге түшүп калган балапан чырылдап жаткандай туюлат. Басынгандыктын санаасы көңүлдү жиреп турса, анан кантип кайдыгер карайсың? Акын кантет, болгону жан дүйнөсүнөн бүтүн бойдон төгүлөт. Акын кадим суу аскадан төгүлгөндөй төгүлөт. Баллададагы поэзия агымы менен кошо окурман өзү кыргыз тагдырын көзөмөлдөп агып жүрүп отурат. Поэтикалык окуя каардуу үркүндөн башталып катаалдыгы жоюлбаган соңку мезгилдерге чейин агып жетет. Эл руханий бекемдигин кантип сактайт - бул оңой-олтоң суроо эмес, элдин тагдырын эстеп туруп, буга ар ким өзү жооп бериши керек. Акын өзүнө өзү суроо салып, мүшкүлдөрдөн сактанат, жетиктикти эңсеп жан дүйнөсү сыздайт.

Акын кандай гана темага кайрылбасын аны ийине жеткире иштеп, ички толкундарын саптарга бүтүн бойдон өткөрүп бергендигин айгинелеген. Адамзат айтып түгөтө албай келе жаткан баягы эле өмүр, өлүм, махабат жөнүндө ырлар. Айталы, иниси «Акылбектин» капилет жаш өлүмүнө ыр өзү жаш төгүп турса, ал эми «Махабатка кездешүүсү» туңгуч сүйүүнүн арууланышы менен тунук. Же акын табиятка жакын тоо арасында өскөндүктөнбү, анын жаратылыш тууралуу ырлары мага өзгөчө таасир калтырды.

Дабышы дары майда жаан

себелеп кирди кайрадан.

Сезимди чайкап, тазартып,

Сергилең тартат айланам.

Кандай гана табият менен жан дүйнөнүн тазалыгы бир-бирине өтүшкөн мөлтүр саптар. Ашык сөз – көбүртмөй-жабыртмай жок. Бир сөзүн алсаң же ага бир сөз кошсоң ыр өз бийиктигинен кулап түшөт. Акын-архитектор дал ушундай ырлардан көк челип турган мунара курган.

Ушинтип жаратылыш, тазалык, тунуктук, сүйүүнүн өзү Акынды асманга - Кудайга алып келет. Ал тууралуу бул чакан макалада толук айтып берүү мүмкүн эмес. Акындын бардык чыгармалары менен таанышкан окурман муну туйбай койбойт. Асан Жакшылыковдун беш томдугуна баш сөз жазган кыргыздын Чоюн Өмүралиев - «Конфуцийи» изилдөөсүнүн темасын бекер жерден «Асман ыргак» деп атабаса керек.

Асман ыргактын акындык жолу ушинтип табияттан башталат:

Таң ата бейгам олтуруп,

булакка муздак кол сунуп,

оргуган тунук добушту

оюма жыйнайм толтуруп.

Тазалык кантип жетилди?

Жууган болуп бетимди

тундургум келет ир алды

турмушка жеке ниетимди.

Акын түбүнөн ак таш көрүнгөн кашкайган өзөндү элестетет. Айта турган ою ачык-айкын. Ылайланып бир нерсени жашырбайт. Окурманды жазгырып, буйтап өткөндөн алыс. Кууланбайт да, сууланбайт. Бул - көгүлтүр мейкиндик чагылдырылып турган руханий сулуулук. Ал Тайгадагы миллиард жалбырактардын шыбырларын үнсүз шимирип жаткан жымжырттыктай туюлат.

Таланттын 99 пайызы эмгек - деп айткан айтылуу Л.Н.Толстой. Бирок нукура поэзиянын бийик талабына жооп бербеген интеллектуалдык деңгээл болбосо, 200 пайыз эмгек жасасаң да алгылыктуу майнап чыкпастыгын мезгил өзү аныктап келе жатат. 20-30 жыйнак чыгарып, казыкка байлап койгондой ошол эле ордунда калган жазуучу акын аталгандар канча. Жыйнактарды тынымсыз чыгаруу – өсүү-өнүгүү дегенди билдирбейт. Асан Жакшылыковдун талантына, талыбай поэтикалык образды кылдат жыйнаган руханий дыйкандыгына, дүйнөлүк адабияттын казынасын оодарып чыккан изденгичтигине интеллектуалдык парасаты табигый шайкеш келгендигинен улам ушундай тунук чыгармалар жазылып жатса керек.

Карбалас БАКИРОВ, акын

"Эркин Тоо" гезити (2019-жылдын 26-июлу)

Пикир

Оставить комментарий