Бишкек, 27.01.21. /Кабар/. Бишкектин Асанбай кичирайонунда жайгашкан батирлердин биринен эркек кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 26-январда саат 10:22де куткаруучулар №4 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен.
Батирдин ичинде 67 жаштагы эркек кишинин сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.
Пикир
Оставить комментарий