• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мейманканадан өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 16.06.23. /Кабар/. Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан "Причал-24" мейманканасынан өрт чыкты.

ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, тилсиз жоо 16-июнга караган түнү катталып, жерине үч күжүрмөн эсеп тартылды.

Жалын саат 05:33тө чектөөгө алынып, саат 08:20да толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 300 чарчы метрди түзүп, жыгач устундуу калай менен жабылган чатыры, жыгач жасалгасы жана эмеректер күйүп кеткен.

Жабыркагандар жок, учурда кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий