• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Асеин Исаев Корея элчисинин ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 29.08.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер Министринин биринчи орун басары Асейин Исаев Кореянын Кыргызстанга жаңы дайындалган элчиси Ким Кванджэнин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө Асейин Исаев Ким Кванджэни Кыргызстанга элчиси болуп дайындалышы менен куттуктап, бул кызматтагы иши кыргыз-корей мамилелеринин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Корея элчиси Ким Кванджэ кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишеним билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, атап айтканда, жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги сапарларды өткөрүү, "Борбордук Азия – Корея Республикасы" форумунун алкагындагы иш-чараларга катышуу жана өз ара аракеттенүү, ошондой эле инфраструктура, транспорт, тоо-кен казуу, жеңил өнөр жай жана башка тармактардагы долбоорлорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий