• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Асеин Исаев Өзбекстандын элчисинин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды

Саясат 0

Бишкек, 04.10.24. /Кабар/. Бүгүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев Өзбекстандын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Саидикрам Ниязходжаевдин ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-өзбек мамилелерин өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинде саясий диалогду тереңдетүү жана соода-экономикалык жана гуманитардык өз ара аракеттенүүнү арттыруу талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий