• 88.02
  • 95.49
  • 0.97

Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турчу мамлекеттик визити ийгиликтүү болот – элчи Ду Дэвэнь

Саясат 0

Бишкек, 13.05.19. /Кабар/. Кытай Эл республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин жакынкы арада Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитине даярдык абдан катуу жүрүүдө. Бул тууралуу “Кыргызстан-Кытай эксперттик-аналитикалык диалог” форумунун жүрүшүндө кабарчыларга Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь билдирди.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө кыргыз-кытай кызматташуулары бардык тармакта жүрүүдө. Бул көп нерсени түшүндүрөт.

“Өзгөчө Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик визитинен кийин. Ал жактан Кыргызстандын башчысы КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушуп, экөө баардык маселелерди талкуулашкан. Ошол визиттен кийин жана катуу даярдыктан кийин Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон сапары ийгиликтүү аяктайт”, - дейт ал.

Андан тышкары элчи, Кыргызстан менен Кытайдын өлкөлөр ортосундагы кызматташууну мындан ары да жылдырууга баардык негиздери бар, деди.

“Биз биргеликте “Бир алкак - бир жолду” курабыз. Бул демилге Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүк. Андан тышкары биз Шайхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрүбүз. Ошол уюмдун алкагында да биз тыгыз кызматташабыз. Кыргыз-кытай кызматташуунун келечеги чоң”, - деди Ду Дэвэнь.

Пикир

Оставить комментарий