• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Чынбаева үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу иш-чарасына катышты

Коом 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Башкы прокуратура тарабынан уюштурулган үй-бүлөлүк зомбулуктун жана балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселелерине арналган тегерек стол өттү.

Иш-чарага КР Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева, Жогорку Кеңешинин депутаттары, ошондой эле мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, прокурорлор жана эксперттер катышты.

Тегерек стол балдар арасындагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун жана укук бузуулардын учурдагы абалын, ошондой эле жакында кабыл алынган "Коопсуздук жана үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" КР мыйзамын ишке ашыруу боюнча чараларды талкуулоого багытталган.

Мыйзамдын жаңычылдыктарынын арасында зордук-зомбулук жасаган адамдарга карата түзөтүү программаларын милдеттүү түрдө аяктоо, балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга карата оор кылмыштар үчүн жазаны катаалдаштыруу, "үй-бүлөлүк зомбулук" түшүнүгүн кеңейтүү жана кайталанган зомбулуктун коркунучун баалоо механизмдерин киргизүү бар.

Иш-чарага катышкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү балдар арасындагы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук жана кылмыштуулук көйгөйлөрү коомчулуктан өзгөчө көңүл бурууну талап кылаарын, ар бир учурду дыкат иликтеп, анын себептерин аныктоо менен балдар арасындагы зомбулукту жана кылмыштуулукту азайтуунун негизги факторлорун алдын алууга багытталган иш-чараларды ишке ашыруу зарылдыгын баса белгилешти.

Талкуунун жыйынтыгында бул көйгөйлөрдүн алдын алуу жана четтетүү боюнча конкреттүү сунуштарды камтыган тиешелүү токтом кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий