Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 14.06.24. /Кабар/. Бүгүн, 14-июнда, Кыргызстандын Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы жаңы өкүлү Самман Тапа менен жолугушту.

Баарлашуу учурунда Асел Чынбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин биргелешкен бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамасына сунуштарын ишке ашыруу процессине бардык деңгээлдеги мамлекеттик жана муниципалдык органдарды тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Кыргызстандагы балдардын абалын жакшыртууга багытталган кызматташуунун башкы маселелерин, ошондой эле жакынкы жылдарга өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Балдардын укуктары боюнча комитетинин биргелешкен бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамасына сунуштарын ишке ашырууну жана мониторинг жүргүзүүнү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү талкуулашты.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү кызматтарынын сапатын камсыз кылуу боюнча жаңы ыкмалар, анын ичинде санариптештирүү жана билим берүү тутуму үчүн туруктуу санарип платформасын түзүү талкууланды.

Соңунда Балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева бул балдардын укуктарын коргоо тутумунда өзөктүү өзгөрүүлөрдү түзүү процессинин негизги учуру деп эсептеп, жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууга ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий