• 88.68
  • 95
  • 0.95

КРда унааны жеңилдетилген негизде кайра каттоонун баасы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 15.03.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Кыргызстанда 2-апрелден тарта унаа каражаттарын жеңилдетилген негизде кайра каттоо кампаниясы башталат. Унаалар кантип катталат, баасы канча болот, каттоо милдеттүүбү жана анын эмне пайдасы бар экенин “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айтып беришти.

Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитовдун айтымында, бул кампания “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашырууну даярдоонун алкагында жүргүзүлүүдө.

“Кыргызстан “Акылду шаар” ири инвестициялык долбоорун ишке ашыруусу керек. Ал Бишкек, Ош шаарларында жана Бишкек-Ош, Бишкек-Манас жана Бишкек-Чолпон-Ата” жолдорунда ишке ашырылат. Бул абдан чоң долбоор болгондуктан ага негизги даярдоо иштеринин бири унаа каражаттарынын базасынын жана айдоочулук курамды тиешелүү түргө келтирүү болуп саналат. Бул иштердин алкагында ушул кампания жүргүзүлүүдө”, - деди Эржигитов.

Келечекте, “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруунун алкагында жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочуга так келишет. Эржигитов белгилегендей, мындай унаа ээси көптөгөн маселелерге туш болот.

“Алсак, жол кыймылынын эрежесин бузуу тууралуу айыпты айдоочу эмес, унаанын ээси алат. Анткени маалыматтар базасында ал жазылган. Бүгүнкү күнү унаалардын жарымынан көбүн ишеним кат менен айдап жүрүшөт жана бул чоң көйгөйгө алып келет”, - деп түшүндүрдү ал.

Өз кезегинде Унаа каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усеин Касмалиев баа саясаты жөнүндө, унааларды каттоо жана ишеним катты жаңыртуу арзандаганын айтып берди.

“Бүгүнкү күндө ишеним кат алуунун баасы 700 сомдон 1500 сомго чейин, ошону менен бирге унааны каттоо жана кайра каттатуу 2500дөн 5000 сомго чейин. Албетте жарандар ишеним кат алууну каалашууда, бирок ал жеке менчик укугун белгилеген документ болуп саналбайт. Буга байланыштуу учурда кызмат тарабынан 3 айдын ичинде унаа каражаттарын кайра каттоо үчүн жеңилдетилген мезгил болору тууралуу токтомдун долбоорун демилгелеп жатышат”, - деп кошумчалады ал.

Унааны кайра каттоо канча турат:

1. унаа каражатын кайра каттоо үчүн чогултулган акча (1%) толугу менен республиканын бюджетине кетет – 800дөн 3500 сомго чейин (баасы көлөмүнөн жана чыгарылган жылынан көз каранды)

2. Унааны каттоо күбөлүгү – 850 сом;

3. Мамлекеттик номер белгилери – 950;

4. Компьютердик жана банктык кызматтар – 300 сом.

Жеңилдетилген каттоодо:

Токтомдун долбоору менен 1% жыйынды 0,1%га чейин, тагыраагы 10 эсе төмөндөтүү каралган. Эгерде орто эсеп менен 1500 сом болсо, анда жеңилдетилген – 150.

Белгилей кетсек, жеңилдетилген шартта унаа каражатын каттоо тууралуу күбөлүктүн баасы алынат, анткени жаңысы берилбейт. Учурдагы документте белгиленгендей, унаанын жаңы ээси ким жана машинага кандай номер берилгени тиешелүү штамп менен көрсөтүлөт.

Номердик белгилер берилбейт, жарандар бул кызмат үчүн төлөбөшү үчүн мурдагысы калтырылат.

Жыйынтыгында эгерде орточо унаа каражаты 3500 сом болсо, жеңилдетилген 500. Жүк унаалары үчүн 700 сомдой (0.1%-400 сом).

Касмалиев кампания апрель, май, июнь үч айга уланарын кошумчалады. Мындан ары 1% 0,3% чейин төмөндөтүлгөн токтом кароого киргизилген. Андан тышкары ал чет жакка чыккан унаа сүйүүчүлөрдү каттоо тууралуу күбөлүктү алмаштырууга чакырды.

“Биз чет жакка чыккан жарандарга унааны каттоо күбөлүгүн алмаштырууну, анткени башка өлкөлөрдүн полициясы тарабынан кандайдыр бир түшүнбөстүктөр болушу мүмкүн”, - деди директордун орун басары.

Айта кетсек, эгерде базада жашаган жери чыкпаса, анда жарандар унаа каражатын кайра каттата алышпайт. Аны 119 номери аркылуу өздөрүнүн пинин айтып же тазакоом.kg порталынан, маалымат күркөлөрүнөн текшере алышат.

Пикир

Оставить комментарий