• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Маданият министрлиги: “Азаттык Медиасынын” айланасындагы соттук териштирүүлөр токтоду

Коом 0

Бишкек, 12.07.23. /Кабар/. “Азаттык Медиа” сайты чек арадагы конфликт жөнүндө анык эмес маалымат камтыган материалды бардык ресурстарынан өчүрдү, соттук териштирөөлөр токтоду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлайт.

"“Азаттык Медиа” басылмасы анык эмес маалымат камтыган 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы конфликт жөнүндөгү “Тяжёлые бои на границе Кыргызстана и Таджикистана АЗИЯ” аталышындагы видеоматериалын өзүнүн бардык ресурстарынан өчүрдү", - деп айтылат ведомствонун билдирүүсүндө.

Маалыматта айтылгандай, анык эмес маалыматы менен бул материалдын өчүрүлүшүнө байланыштуу, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык Медиа” бардык соттук териштирүүлөрдү токтотту, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр мыйзам менен белгиленген тартипте алынат.

Тийиштүү тынчтык келишими бүгүн, 12-июлда Бишкек шаардык соту тарабынан бекитилди.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” сайтынын ишин убактылуу токтоткон.

Бул “Азаттык Медиа” Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарына каршы келген анык эмес материалды өчүрүүдөн баш тартып келгени менен шартталган (2022-жылдын 14-17-сентябрындагы окуялар тууралуу анык эмес маалыматтар).

Пикир

Оставить комментарий