• 84.24
  • 93.53
  • 0.91

Асел Чынбаева КМШ мамлекеттеринин Дельфи оюндарынын ачылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында КМШга мүчө мамлекеттердин Балдардын Дельфи ачык оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, салтанатта Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева сөз сүйлөп, өлкө президентинин атынан кайрылууну окуп берди.

Билдирүүдө Дельфи оюндарынын ар бир катышуучу өз таланттарын өнүктүрүүгө жана КМШ мамлекеттеринин ортосундагы достукту чыңдоого салым кошо ала турган маданий өз ара аракеттенүү аянтчасы катары маанилүүлүгү баса белгиленген.

Белгилей кетсек, быйыл жаңдоо тилинде чыгармаларды аткаруу камтылган парадельфий номинациясына өзгөчө көңүл бурулууда. Бул категория инклюзивдүүлүктүн маанилүүлүгүн баса белгилейт жана искусство адамдарды бардык тоскоолдуктардан кантип бириктире аларын көрсөтөт.

Дельфий оюндарынын конкурстук программасы төмөнкү категорияларды камтыйт: фортепиано, скрипка, классикалык гитара, көркөм сүрөт искусствосу, эстрадалык ырдоо, элдик бий, соло ырдоо жана ди-джей.

Фестивалдын программасында элдик аспаптар, көркөм кол өнөрчүлүк жана жаңдоо тилинде ырлар бар.

Оюндар 2024-жылдын 5-октябрына чейин созулуп, катышуучуларга өздөрүнүн чыгармачылыгын көрсөтүүгө гана эмес, тажрыйба алмашууга, бири-бирин жаңы жетишкендиктерге шыктандырууга жана келечектеги маданий кызматташтыктын пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Пикир

Оставить комментарий