• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

УКМК: Оштогу миңдей адам катышкан той боюнча териштирүү иштери башталды

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тапшырмасы боюнча тергөө органдары тарабынан 12-декабрда Оштогу белгилүү бизнесмен Жалил Атамбаев уулуна той өткөргөндүгүнө байланыштуу текшерүү иштери башталды.

Белгилей кетсек, өлкөдөгү эпидкырдаалга байланыштуу айрым райондордо, Бишкек жана Ош шаарларында өзгөчө кырдаал режими алына элек.

Массалык иш-чараларды өткөрүүгө киргизилген чектөөгө карабастан ишкер Жалил Атамбаев 1000дей адамдын катышуусунда шан-шөөкөттүү той өткөргөн.

УКМКдан билдиришкендей, Ж.Атамбаевдин уулу КР УКМКнын учурдагы кызматкери болуп саналат.

Азыркы учурда Ж. Атамбаевдин уулуна карата УКМКнын тиешелүү кызматы тарабынан кызматтык иликтөө башталган, анын жыйынтыгында жумуштан бошотууга чейинки тиешелүү чаралар көрүлүшү мүмкүндүгү айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий