• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Асел Кодуранова ЖКнын вице-спикери болду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 01.11.17. /Салтанат Абдраева – Кабар/. КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова көпчүлүк коалициясынан ЖК вице-спикери болуп шайланды. Добуш берүү жашыруун өттү.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кодуранованы катышкан 93 эл өкүлүнүн 91 колдоп, 2 депутат каршы добуш берген.

Кодуранова ага көрсөтүлгөн ишенимге ыраазычылык билдирди. “Кудай буюрса, биз бирге Кыргызстан жана кыргыз эли үчүн иштейбиз”,- деди ал өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, мурдагы вице-спикер Данияр Төлөнов Дастан Жумагулов парламенттин төрагасы болгон соң кызматынан кеткен. Алар экөө тең “Кыргызстан” фракциясынан болушат.

Кыргызстандын парламентинде эки вице-спикер кызматы бар, бири көпчүлүк коалициясынан, экинчиси – оппозициядан шайланат.

Пикир

Оставить комментарий