• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ЖК Россия менен бирдиктүү региондук абадан коргонуу системасын түзүү келишимин ратификациялады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11.10.23. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутатттары “2022-жылдын 16-августунда Москва шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы КР жана РФ абадан кол салуудан коргонуунун бириккен региондук системасын түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоорун карап, үч окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы.

Мыйзам долбоору боюнча маалыматты коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов берди.

Макулдашуунун негизинде Россия менен Кыргызстандын бирдиктүү региондук абадан коргонуу системасы түзүлүүдө.

Алмазбек Карасартов белгилегендей, бул максаттар үчүн Канттагы россиялык авиабазанын жанынан келишимдин колдонуу мөөнөтүндө 5 гектар жер тилкеси берилет.

Пикир

Оставить комментарий