• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Асфальт төшөлбөгөн жолдордун саны азайып бара жатат

Аналитика 0

Жолдор мамлекеттин кан тамыры деп айтылып келет. Мамлекеттин жарандарынын жашоосунда өзгөчө мааниге ээ – Кыргызстандын жолдорунун абалы жылдан жылга начарлап, «тез жардамга» муктаждык күн санап өсүп бара жаткан эле. Өлкөдөгү көпчүлүк жолдор капиталдык реконструкцияга суусап турган мезгилге да келип жеткенибиз жашыруун эмес. Баарын сыйрып алып жаңылап жиберели десек, казынада каражат жок же бир көзгө көрүнүктүү техникабыз жок, айласыздан «үстүртөн чампалап» чоңдор келет экен дегенде, жааган жамгырга карабай үстүнө асфальт чаптай калган күндөр болгонун эч ким унута элек. Мисалы, Бишкек – Кара-Балта жолу жасалат деп, 3 жыл аңтарылып жатып айдоочулардын көкөйүнө көк таштай тийген. Бир айда 1 чакырым жолду жасап коюп, чалкалап басып жүргөн жолчулардын заманы бүттү. Мамлекет бүгүн жаңы көз карашта, жаңыча нук менен иш алып барууга киришти.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө «Менин максатым кантип кыска убакытта коңшуларды кууп жетебиз деген план менен иштеп жатабыз. Кудай буюрса келечекте ар бир айылга чейин асфальт басабыз. Күчүбүз да, бюджетибиз да жетет» деп айтканы бар. Арадан 3 жыл өтпөй жол тармагында ири реформа жасалды. Чынында бул реформаны жасаганга чоң эрк керек эле. Анткени, жол тармагы эң акчалуу тармак болгондуктан, акча дегенде көзү кызарган карт бөрү коррупционерлерге сес берүү да анча-мынча ажолордун колунан келген эмес.

Ошентип көптөн күткөн убакыт келип жол тармагын тазалап, реформа ишке ашты. Бирок бул ирет, мурдагыдай кадр алмаштыруу менен гана чектелбей, Кыргызстандын эгемендүүлүк алган жылдарында болуп көрбөгөн жаңы техникалар алынып, өлкөнүн бардык региондорунда жолдорду жасоо иштери массалык түрдө башталды.

Кызматтагы чиновниктер гана эмес, карапайым калкка чейин белгилүү болуп калган «тендер» системасына чекит коюлду. Адаттагыдай жеке компаниялар арасында тендер өткөрүп, уткан компания өз техникасы менен жолду каалагандай салып кеткен күндөр артта калды. Албетте, жол салган компаниялар жана техникалар чет элдиктерге тиешелүү экени жашыруун эмес.

Кезинде кадимки Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынын жолу жасалганда түрк компаниясы, ал эми Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүнүн жолдорун кытайлык компаниялар жасаган. Азыр ошол компаниянын өкүлдөрүнүн бирин дагы өлкөдөн таппайсың. Демек, жоопкерчилик да жүктөөгө мүмкүн эмес. Мындай учурда бюджеттен олчойгон каражаттар чет элдиктердин капчыгын кампайтчу. Баягы эле карапайым калк жалданып, кара жумушка иштеп арзыбаган айлыкка ыраазы болуп кала берчү. Айрым учурда ошол айлыктарын да ала албай зар какшаган учурлар катталган.

Президент Садыр Жапаров: «Мындан ары жолдорду мамлекет өзүбүз курабыз. Буга чейин техникабыз жок же адистерибиз жетишпейт деген ар кандай шылтоолор менен чет өлкөлүк компанияларга же жеке жактарга үч-төрт эсе кымбат баага берип келишкен. Себеби алар менен бөлүшүп жегенге ылайыктуу болгон. "Сага тендерден утуп берем. Мага баланча пайызын бересиң"'- деп ачык эле соодалашып, жеп келишкен. Бул эч кимге жашыруун эмес. Ошондуктан Транспорт министрлигине техникаларды алып берип, жолдорду өзүбүз сала баштадык. Үч-төрт эсе арзан. Азыр дагы толук техникаларыбыз келе элек. 700гө жакын техника келет» деген билдирүү жасаган.

Анын негизинде, жол куруу тармагына 2022-жылы 32 техника алынса, 2023-жылы 298 жаңы техника алынып, быйыл 2024-жылы дагы 453 техниканын келиши күтүлүүдө. Мурдагы жылдардын статистикасына көз чаптырсак, 2019-жылы 46 техника насыяга алынса, 2020-жылы техника алынган эмес. Ал эми 2021-жылы аз санда гана техника алынган .Муну менен биз жол салуудагы көз карандысыздыктан чыктык деп айтууга толук негиз бар. Былтыр келген техникалар ишке берилип, жаңы жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдаланылууда. Мурда 1985-жылы алынып, союздан «эстеликке» калган эски техникаларды колдонуп келсек, жаңы техникалардын жардамы менен өткөн жылы 700 чакырымдан ашык асфальт жол курулду. Бул үчүн мамлекеттик казынадан жылдык каржылоого 6 млрд 350 млн 700 миң сом бөлүнгөн. Мындай көрсөткүч Кыргызстан эгемендик алган жылдарда алгачкы ирет катталып отурат.

Өлкөдө 2021-жылы - 230,4 чакырым жол жасалса, 2022-жылы - 488,6 чакырым, 2023-жылы - 673 чакырым жолго жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды. Ал эми 2024-жылы 660 чакырым жолдо оңдоо-курулуш иштерин жүргүзүү пландалууда.

Кыргызстанда автомобиль жолдорунун жалпы узундугу 34 миң чакырымды түзѳт. Автожолдорду оңдоп-түзѳѳ жана кармоо иштерин 57 мамлекеттик жол тейлѳѳ ишканалары жүргүзөт. Былтыртан тарта кышкысын шаардын жана аймактардын көчөлөрүн тазалоодо, ашуулардагы иштеген жолчулардын түйшүгүн жеңилдетүү максатында, жол тазалаган атайын техникалар жана кум-туз чачкан жабдуулар алынганы жетишкендик эмей эмне?

Жолу оңолгондун иши оңолот демекчи, Жумгал өрөөнүнүн жолун алсак. Кезинде ал жакта ишкерлик кылууну көздөгөндөр жок эле. Жолу жасалган соң, жол боюндагы жерлер кымбаттаганы айтылууда. Себеби соода-сатык кылууну көздөгөндөр көбөйүүдө. Кайсы жерде жол жакшы болсо, ал жерде өнүгүү орун алат. Жолу жакшы аймакка жетүү гана оңой болбостон, товар жеткирүү түйшүгү да азаят. Соода-сатык өөрчүсө ички да миграция токтойт эмеспи.

Ушул жерден баса белгилеп айта кетчү жагдай, түндүк-түштүк жолунун маанилүү бөлүгү болгон Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жолдору чынында өтө начар абалга жетти эле. Былтыр туннель толугу менен реконструкцияланып, жолу гана жасалбай, ичи жарыктандырылып, шыбы оңдолуп толугу менен реконструкцияланды.

Ал эми эзелтен бери элди түйшөлтүп, далай унаанын тетигин талкалаган Ноокаттын жолунун курулушу кызуу уланууда. Жол оңдоо иштери ушул айда соңуна чыгат.

Аны менен катар табигаты катаал, жашоо-шарты оор болгон тоолуу райондордун да жолдору унутта калбай, 138 чакырымды түзгөн Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайку унаа жолунун 20 чакырымына асфальт төшөлүп бүттү.

Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Нарын, Ысык-көл, Чүй облустарынын дээрлик бардыгында жол оңдоо, куруу иштери үзгүлтүксүз жүрүп жатканы жумурай журтка маалым.

Эски да болсо жолу бар аймактарыбыз мындай турсун, эзели транспорт аттуу нерсе барбаган Баткен - Зардалы жолунун курулушу башталуу алдында турганы эле көп нерседен кабар берет.

Жол тармагы менен катар, аэропорттордун ички жана аларга кеткен жолдор, автобекеттердин жолдору, республикадагы көпүрөлөр да оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Ал гана эмес өлкөнүн туристтик потенциалын өнүктүрүү үчүн жаратылышы кооз аймактарга бара турган жолдорду оңдоо иштерине да өзгөчө көңүл бурулууда.

Мамлекетибиздеги жол тармагында жасалып жаткан иштер тууралуу мурдагы элчи, экс-депутат Ибрагим Жунусов пикирин билдирди.

«Алыс кетпей коңшу мамлекеттери мисалга алсак, Казакстан менен Өзбекстандын жолдорунан кемтик таппайсың, мисалы Оштон чыгып Ташкентке бараткан трассада жолдун сапаты, эки тилкени бөлүп турган бордюрлар албетте айдоочулар үчүн абдан ыңгайлуу. Жол чийиндеринин ирээттүү чийилиши жана жол белгилеринин так жана даана көрүнүшүнө мурда чынында суктанат элем. Казакстандын жолдору дагы эл аралык стандартка туура келет. Бүгүнкү күндө биздин жолдорубуз да дал ошондой стандарт менен оңдолуп жатканы албетте бул-мамлекеттин экономикасынын ирденип келе жатканын далилдеп турат. Дүйнөлүк стандартка жооп берген жол кура ала турган мезгилге жеткенибиздин белгиси. Акыркы жылдары Бишкек баш болуп, республиканын ар бир аймагында жол жасоо иштеринин массалык жүрүшү байкалат.

Ушул жерден баса белгилеп айта кетүүчү бир жагдай, мамлекет жетекчилери бюджеттен оңбогондой көп акча каражатын бөлүп берип, калкка шарт түзүп берүүнү көздөп жаткан соң, жол салууда бардык ньюанстар эске алынып, суу түтүктөрүн, канализация жана башка коммуникация иштери жолдун ремонт иштерине чейин жасалып бүтсө»,- деди Жунусов.

Өлкөнүн ити чөп жеп, какырап бөксөргөн казына толуп, жолдор жасалып, жол курган жаңы техника сатып алууга кудурети жетип калган учурга да жеттик. Иштин жүрүшү ушундай темпте уланса, президент Садыр Жапаров айткандай, аз убакта асфальт басылбаган бир да айыл калбайт көрүнөт.

Диана Айдарова, Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий