Кожомуратов Ашхабадда КМШга мүчө-мамлекеттердин байланыш жаатындагы кеңешине катышты

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. Түркмөнстандын Ашхабад шаарында аймактык шериктештиктин байланыш администрация башчыларынын кеңешинин байланыш жаатындагы 59-жыйыны жана КМШга катышкан мамлекеттердин маалыматташтыруу боюнча Координациялык кеңешинин 29-отуруму болуп өттү.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, жыйынга Кыргызстандын атынан санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов катышты.

Күн тартибинде санариптик өнүктүрүү, туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу жана байланыш тармактарындагы алдамчылыкка каршы күрөшүү чаралары маселелери каралды.

Ошондой эле почта байланышынын аспектилери, анын ичинде почтаны өнүктүрүү пландарын ишке ашыруу талкууланды.

Шериктештиктин ички маселелери, анын ичинде каржылык аспектилер жана алдыдагы аткаруу комитетинин башкы директорун шайлоо талкууланды. Кийинки отурум 2024-жылдын 20-майында Беларустун Минск шаарында пландаштырылды.

Ошондой эле Кыргызстандын делегациясы TurkmenTEL конференциясына жана көргөзмөсүнө катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын почта кызматтарынын өкүлдөрү логистикалык коридорлорду жакшыртуу максатында маанилүү сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Мындан тышкары, Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы "Кыргыз почтасы" ААК инвестиция, санариптештирүү, байланыш, спутниктик технологиялар жана киберкоопсуздукка арналган бир катар көргөзмөлөргө катышты.

Пикир

Оставить комментарий