• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Баткенде кыргыз-өзбек биргелешкен айыл чарба жарманкеси өттү

Коом 0

Бишкек, 16.11.23. /Кабар/. 15-ноябрда Баткен шаарында “Алтын күз” Эл аралык айыл чарба жарманкеси өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, талган иш-чараны Баткен району менен Баткен шаары, Өзбекстандын Рыштан жана Сох райондору биргеликте, дыйкан фермерлерди, ишкерлерди колдоо жана алардын кызматташуусуна шарт түзүү максатында уюштурушкан.

Жарманкеге аталган райондордун айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр органикалык таза, натуралдуу азык түлүктөрүн алып келишкен.

Иш-чаранын расмий бөлүгүндө сөз сүйлөгөн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров “түшүм жыйылып, кырман толгон күз айларында өтүп жаткан бүгүнкү иш чара биринчи кезекте элибиз үчүн жагымдуу саамалык болгонун белгиледи.

"Бир тууган кыргыз-өзбек элдеринин ынтымагы кылымдарга жашасын, тынчтыкта, токчулук- молчулукта карым катнашыбыз чыңдала берсин. Аймактын агрардык тармагын өнүктүрүүгө багытталган бул иш чаралар Баткен жана Фергана облусунун айыл чарба жаатында кызматташуусу үчүн эң пайдалуу аянтча болот, ишкерлер да өндүрүштүк жааттагы кызматташууга көңүл бурат", - деп белгиледи ал.

Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурханов, Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев, Риштон районунун акими Бахадир Холиков, Сох районунун акиминин орун басары Муслимбек Мавлонбековдор, өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын көрүп чыгып, ар биринин ишмердүүлүгү боюнча баарлашты.

Пикир

Оставить комментарий