• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Ашууларда жолдор ачык. Унаа кыймылына чектөө жок

Аймак 0

Бишкек, 18.10.24. /Кабар/. Кыргызстандагы ашууларда жолдор ачык. Унаа кыймылына чектөө жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек – Ош авто жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Тараз –Талас-Суусамыр автожолундагы Өтмөк ашуусунда жолдор ачык, унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Ошондой эле Бишкек – Нарын – Торугарт автожолундагы Долон, Кызыл-Бел жана Ат-Башы районундагы Ак-Бейит, Түз-Бел, Торугарт ашууларындагы жолдордо да каттам бар.

Учурда жол тейлөө ишканалары тарабынан жолду тазалоого керектүү техникалар жана инерттик материалдар даярдалып, көзөмөл жүрүүдө.

Министрлик тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жанына чынжырча алып жүрүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий