• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Ашууларга кар түштү. Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

Аймак 0

Бишкек, 13.11.24. /Кабар/. Ашууларга кар түштү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Сосновка постунда саат 16:45тен тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Учурда Бишкек-Ош унаа жолунда №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо, кум себүү иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Суусамыр-Талас-Тараз унаажолунда да оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилип, аймакты караган №36 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери инерттик материалдарды чачып жатышат.

Министрлик айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактап, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алуу, сөзсүз тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүү зарыл экендигин жана унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо керектигин белгилейт.

Пикир

Оставить комментарий