Ашыкча салмак бир катар ооруларга алып келет. Пайдалуу кеңештерди сактап алыңыз

Ден соолук 0

Бишкек, 11.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Ашыкча салмак ден соолукка терс таасирин тийгизет. Семирүү артынан бир катар ооруларды чакырары көп кишинин оюна келбесе керек. Алсак, гипертония, жүрөк оорулары, рак, уйкудагы апноэ, тукумсуздук, тамак сиңирүү системасындагы бузулуу, остеоартрит, депрессия, астма жана башка оорулар пайда болот. Өзгөчө толуктук жүрөк оорулары менен кант диабетинин өнүгүүсүнө коркунучун жаратарын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму эскертип келет.

Lancet илимий журналында жарыяланган жаңы изилдөөгө ылайык, 2022-жылга карата 1 миллиарддан ашык адам же планетадагы ар бир сегизинчи адам толуп кетүүгө кабылган. 1990-жылдан бери чоңдор арасындагы семирүүнүн глобалдык деңгээли эки эседен ашык, ал эми балдар жана өспүрүмдөр (5 жаштан 19 жашка чейинки) төрт эсеге өстү. Ошондой эле, 2022-жылы дүйнө жүзү боюнча чоңдордун 43 пайызы ашыкча салмактан жабыркаган. Ал эми Кыргызстанда ашыкча салмактагы же толук адамдардын саны калктын 20%дайын түзөт.

Ашыкча салмактуулукту кантип аныктоого болот? Андан арылуу үчүн пайдалуу кеңештерди сактап алыныз.

Ашыкча салмактын эркектерге мүнөздүү түрү: ашыкча май карынга көбүрөөк топтолот. Зат алмашуу синдрому, кант диабети жана жүрөк-кан тамыр оорулары кездешет.

Ашыкча салмактын аялдарга мүнөздүү түрү: ашыкча майлар санга жана жамбашка топтолуп, зат алмашуу синдрому менен олуттуу байланышы да жок болот.

Ашыкча салмактан арылам дегендерге пайдалуу кеңештер:
- Жумасына 400 граммдан арыктоо максатын коюңуз;
- Тамак-аш күндөлүгүн түзүңүз;
- Калорияларды азайтуу кажет, 1200 ккалдан төмөн эмес;
- Жеңил сиңүүчү углеводдорду, майларды, крахмалдарды чектеңиз;
- Туз, ачуу тамактардан, соус, татымалдардан алыс болуңуз;
- Жашылча-жемиштерди керектөөнү көбөйтүңүз;
- Аз өлчөм менен бөлүп тамактаныңыз;
- Физикалык активдүүлүктү жогорулатыңыз;
- Кээ бир учурларда психотерапия жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий