Аскаров: Суу-жер ресурстары – өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизи

Өкмөт 0

Бишкек, 26.08.19. /Кабар/. Суу-жер ресурстарын эффективдүү колдонуу - Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнүн негизги болуп саналат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Чүй облусунун Красная Речка айылынын эмгекчилери менен жолугушууда айтты.

«Бизде суу бар – бул биздин негизги байлыгыбыз. Өкмөт ирригацияны өнүктүрүүгө олуттуу күч жумшап жатат. Ирригация жана талаптагыдай айыл чарба техникалары менен айрым өсүмдүктөрдүн түшүмдүүлүгүн эки эсе жогорулатууга болот», - деди ал.

«Айыл чарбасы өнүккөн мамлекеттер өнүккөн өлкө деп айтылат. Буга биздин мүмкүнчүлүгүбүз бар. Айыл чарбасындагы өндүрүштү электрификациялоо менен биз эмгек өндүрүшүн үч эсе көтөрүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар», - деп белгиледи Замирбек Аскаров.

Вице-премьер-министр шаарларды өнүктүрүү үчүн суу-жер ресурсун натыйжалуу колдонуу керектигин кошумчалады.

«Жашыл экономиканы өнүктүрүү шарттарында химиялык жер семирткичтерсиз өстүрүлгөн, органикалык таза өсүмдүк продукцияларына суроо-талап сөзсүз жогорулайт, - деп белгиледи вице-премьер-министр. – Айыл чарба продукциясын өнүктүрүү үчүн бул келечектүү. Бирок биз санитардык шарттардын жаңы ченемдерине жана экологиялык стандарттардын талаптарына даяр болууга тийишпиз».

Жолугушуунун жүрүшүндө вице-премьер-министр жыйноочу айыл чарба техникаларын, таңгактоо агрегаттарын көрүп чыкты.

Маалымат үчүн: 2018-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү айыл чарбасын колдоо үчүн бюджеттен «АЧК-6» программасы боюнча 6,6 млрд сом бөлгөн. 2019-жылдын августуна карата «АЧК-7» программасы боюнча айыл чарбасындагы чарбалык субъекттерге 4,8 млрд сом бөлүнгөн. Үстүбүздөгү жылдын 30-майында канаттуулар фабрикаларын жана балык чарбаларын камсыздоо үчүн жем өндүрүүчүлөрдү кошумча нарк салыгынан бошотуу тууралуу мыйзам кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий