• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.12.21. /Кабар/. КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы боюнча министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы астында Илим, инновациялар жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет

Курамына илим, экономика жана инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери, академиялык жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү кирген кеңеш мүчөлөрү илим тармагындагы көйгөйлүү аспектилерди талкуулашты.

Жолугушууда өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин чечүүдө атамекендик илимдин жетишсиз салымы белгиленди. Илим, инновация жана жаңы технологиялар боюнча кеңештин активдүү талкуусунун жыйынтыгында абалды жакшыртуу боюнча конкреттүү чаралар жана сунуштар боюнча чечим кабыл алынды.

Ошондой эле Кеңештин президиумунун курамы түзүлүп, ага кырдаалга мониторинг жүргүзүү жана Кеңештин жыйындарынын жыйынтыгы боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий