• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Аскат Алагөзов: "Азаттык" радиосуна катуу эскертүү берилди

Коом 0

Бишкек, 04.09.24. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматына катуу эскертүү берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Facebook`тагы баракчасына жазды.

Анын маалыматына караганда, министрликтин бул чечимине аталган медианын "Мамлекет башчысы Садыр Жапаровго шайлоо өнөктүгү учурунда маркум Евгений Пригожиндин жакын адамдары жардам берген" деген чындыкка коошпогон жалган маалыматтарды таркатуусу себеп болгон.

"Өз кезегинде дүйнөлүк аудиториясы бар “Азаттык” радиосунун ушак, айың кеп деңгээлиндеги маалыматтарды жайылтуусун терең өкүнүү менен белгилеп, бул ал жакта эмгектенген кызматкерлердин кесипкөйлүгүнө көлөкө түшүрөт деп эсептейм.

Эгерде бул материал "Азаттыктын" Кыргызстандын жогорку жетекчилигин атайылап каралоого багытталган редакциялык саясатынын бир бөлүгү болсо, анда күн тартибине ушундай медиа бизге керекпи деген маселе чыгышы мүмкүн", - деп жазды ал.

Пикир

Оставить комментарий