• 87
  • 90.58
  • 0.83

ӨКМдин кызматкерлери кезектеги аттестациядан өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.11.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин түзүмдүк, аймактык жана ведомствого караштуу бөлүктөрүндөгү аскер кызматкерлери күжүрмөн даярдыгы боюнча аттестациядан өтүшүүдө.

Министрликтен билдиришкендей, кызматкерлердин күжүрмөн даярдык деңгээли, аскердик тартиби, жалпы аскердик уставдардын талаптарынын аткарылышы, ыкчам жана мобилизациялык даярдыктары, билим деңгээли атайын түзүлгөн комиссия тарабынан бааланып, өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлүндө өтүүдө.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын окуу жылынын жыйынтыгы чыгарылууда.

Белгилей кетсек күтүүсүздөн катталган кырсыктарда куткаруучулардын күнү-түнү ыкчам аракет көрүүсү үчүн алардын физикалык жана билим деңгээли жогору, күчтүү болушу өтө зарыл. Бул эң ириде адам өмүрүн, материалдык чыгымдарды сактап калууга шарт түзөт. Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жыл сайын аскер кызматкерлерин атайы аттестациядан өткөрүп келет.

Пикир

Оставить комментарий