• 88.68
  • 95
  • 0.95

ТИМ Дипакадемиясында мамтилдин колдонушу жана анын өнүктүрүу жолдору талкууланды

Коом 0

Бишкек, 19.09.17. /Кабар/. 2017-жылдын 28-сентябрында КР Тышкы иштер министрлигинде “Кыргыз тилинин күнүнө” карата министрдин орун басары Н.Абдрахмановдун катышуусунда “Кыргыз тилинин бүгүнкү абалы жана келечеги” аталыштагы тегерек үстөл өткөрүлду.

Маалыматка ылайык, тегерек үстөлдө КР президент аппаратынын, КР өкмөт аппаратынын, мамтил боюнча Улуттук комиссиянын өкүлдөрү жана КР ТИМ Дипакадемиясы катышты.

“Жыйындын жүрүшүндө мамтилдин колдонулушу жана аны жайылтуу маселеси кызуу талкууга алынды. Тилдин бүгүнкү күндөгү абалына жана анын ар тараптуу өнүгүүсүнө баа берилди”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий