• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Аскер прокуратурасы Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө ишин баштады

Коом 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин дарыгеринин сабалышы боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, үстүбүздөгү жылдын 18-февралында аталган факты Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш кодексинин 321-беренеси ("Бийликтен аша чабуу") боюнча катталган.

Учурда тергөө иши жүрүүдө.

Эскерте кетсек, социалдык тармакта 2019-жылы август айында Кой-Таштагы окуялар учурунда тартылган видео тараган. Анда "Альфа" атайын бөлүгүнүн кызматкерлери эркек адамды сабап жаткандыгы байкалат. Кийинчерээк жабыркаган жаран Атамбаевдин жеке дарыгери болгону айтылган.

Пикир

Оставить комментарий