• 87.86
  • 93.94
  • 1

Соцкелишим: Миңден ашык үй-бүлө тейлөө жана соода тармагында бизнес ачты

Коом 0

Бишкек, 19.07.23. /Кабар/. Кыргызстанда аз камсыз болгон 1 106 үй-бүлө "социалдык келишим" долбоорунун алкагында тейлөө жана соода тармагында бизнес ачышты. Мындай маалымат Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин бизнес-долбоорлорду иш чөйрөсүнө бөлүштүрүүнү талдоосунда келтирилет.

Ведомстводон билдиришкендей, анын ичинен 586сы соода чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр: 317си – тамак-аш азыктары менен соода кылуу, 269у – кеңсе товарларын, кийим-кечелерди, телефондорду, этнотоварларды, зер буюмдарын, тоюттарды, шиналарды сатуу жана башкалар.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү 520 долбоордун ичинен дээрлик ар бир экинчиси такси кызматын көрсөтө баштады (191 долбоор). Дагы 159 долбоор-бул коомдук тамактануу чөйрөсүндөгү кызмат көрсөтүүлөр (ашканаларды ачуу, нан жана кондитердик азыктарды өндүрүү, полуфабрикаттар жана башка).

26 сулуулук салону, 21 мончо, 7 бут кийим устаканасы, 22 курулуш шаймандарынын ижарасы, ошондой эле кир жуучу жайлар, химиялык тазалоо, бильярд, авиакасса, туризм, билим берүү, бут кийим устаканалары жана башка ачылган.

Пикир

Оставить комментарий