• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Сүйүнчү! Бишкекте үч эм төрөлдү

Коом 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Бишкекте үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Ымыркайлар 19-апрелде Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен төрөлдү. Ош шаарынын 35 жаштагы тургуну 1930 грамм, 2660 грамм, 2660 грамм салмактагы эркек балдарды жарыкка алып келди. Бөбөктөр мөөнөтүнө жетпей, 33 жумалык болуп төрөлгөн.

Алгачкы суткада наристелер реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болушкан. Бүгүнкү күндө алар ара төрөлгөн ымыркайларга кам көрүүнүн 2-баскычындагы бөлүмгө жайгаштырылды.

Ымыркайлардын жана эненин абалы канааттандырарлык.

Пикир

Оставить комментарий