• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Салижан Шарипов жана Сергей Корсаков Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 22.04.24. /Кабар/. Жогорку Кеңештин «Ынтымак» фракциясынын лидери Марлен Маматалиев космонавттар Салижан Шарипов жана Сергей Корсаков менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттен билдиришти.

Жолугушууда Марлен Маматалиев космонавттардын Космос мейкиндигин изилдөөгө зор салым кошкондугун билдирип, «Биз сиздер менен сыймыктанабыз!»,- деди.

Космонавттар Салижан Шарипов жана Сергей Корсаков жылуу кабыл алууга ыраазылык билдирип, ар убак өз мекенине келгенде өзгөчө сезим болорун айтышты. «Кыргызстан биздин жүрөгүбүздө өзгөчө орунду ээлеп турат», - деп белгилешти алар.

Марлен Маматалиев космонавттарга ийгиликтерди каалап, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын жана эстелик белектерин тапшырды. Ал эми космонавттар Марлен Маматалиевге космостон тартылган сүрөттөрүн белек кылды.

Пикир

Оставить комментарий