• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аскер прокуратурасы Курсан Асановдун уулу тууралуу айтып берди

Коом 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Ош облусундагы "Достук" өткөрмө бекети аркылуу Өзбекстанга качып кеткен. Бул тууралуу 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумунда аскердик прокуратуранын өкүлү Нуркамал Набиев билдирди.

Анын айтымында, башында Асановдун уулу шектелүүчү болгон эмес. "Бирок иш ошого бара жаткан. Себеби көрсөтмөлөр болуп, биз материал чогултуп жатканбыз. Суракка алалы дегенде ал качып кетиптир", - деп, ал Асановдун уулу окууга кеткен деген маалыматты четке какты.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асанов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга жардам кылган деп шектелүүдө. Ал издөөгө алынган. Ага сыртынан, камакка алуу чечими чыгарылган.

Эскерте кетсек, Курсан Асанов 13-август күнү кызматынан алынган. Ага карата кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча иш ачылган.

Пикир

Оставить комментарий