• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Төрага Жумабеков Молдова парламентинин төрайымы Зинаида Гречаная менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.09.19. /Кабар/. Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин төртүнчү кеӊешмесинин алкагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин Төрагасы Молдова парламентинин төрайымы Зинаида Гречаная менен жолугушуп, эки жана көп тараптуу кызматташтык мамилелерди жандандыруу жаатында пикир алышты.

Төрага Дастанбек Жумабеков Зинаида Гречанаяны Молдова парламентинин төрайымы болуп шайланышы менен куттуктап, мындай жолугушуулар эки өлкөнүн парламенттер аралык байланышынын чыӊдалышына өбөлгө түзөрүнө ишеним арта турганын билдирди.

Төрага Молдова менен өз ара ишенимге жана бири-биринин кызыкчылыктарын сыйлоого негизделген достук байланыштарга өзгөчө маани берерин белгиледи. Анын айтымында, Кыргызстан Молдова менен саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык өз ара пайдалуу жана өнөктөштүк кызматташтыкка кызыкдар.

«Кыргызстан менен Молдованын парламенттеринин эӊ башкы милдеттеринин бири көптөгөн жылдарды камтыган бирдиктүү тарыхыбызды, калыптанып калган бекем достук жана бир туугандыктын санжыргалуу мурасын сактоо жана аны андан ары өнүктүрүү болуп саналат. Эки элдин мындай баалуулуктарын келечек муундардын ишенимдүү колуна тапшырып беришибиз зарыл», - деди Дастанбек Жумабеков.

Спикердин айтымында, Кыргызстан менен Молдованын ортосундагы алакаларды арттырууда парламенттер аралык байланыштар өзгөчө ролду ойнойт. Биз эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык мамилелердин андан ары чыӊдалышына кызыкдарбыз.

«Кыргыз-молдова парламенттер аралык кызматташтыктын дагы бир башкы милдеттеринин бири – өлкөлөр ортосунда жетишилген эки жана көп тараптуу деӊгээлдеги макулдашуулардын ишке ашуусуна мыйзамдык колдоо көрсөтүү. Тилекке каршы, эки өлкөнүн өз ара жылдык товар жүгүртүү деӊгээли 2 млн долларды гана түзүү менен, анчалык болбой жатат. Ошондуктан, соода-экономикалык алакаларды кыйла жандандырышыбыз керек», - деди кыргыз парламентинин спикери.

Ал эми Молдова парламентинин төрагасы Зинаида Гречаная парламенттердин депутаттык достук топторунун өз ара байланышын жандандыруу зарылдыгын белгиледи. «Биздин өлкөлөрдө өткөн тарыхыбыз эле эмес, азыркы учурдагы таржымалыбыз да бириктирип турат. Эки парламенттик өлкө байланыштарын чыӊдашыбыз керек. Биздин парламентте Азия өлкөлөрү менен достук тобу бар. Анын алкагында жолугушууларды өткөрүп, өз ара тажрыйба алмашып турууга тийишпиз. Сизди Молдовага расмий иш сапар менен келүүгө чакырам», - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын курамында Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов, Нодирбек Каримов сындуу депутаттар бар.

Пикир

Оставить комментарий